Педагогдун кесиби студенттер арасында эң көп талап кылынган кесип катары калууда
Publications: 10.02.2022
2021/2022- окуу жылынын башынына карата республикада 141 кесиптик билим берүү мекемеси (ОКББ) иш алып барды, анда 98 миңге ашык адам билим алат, алардын жарымынан көбүн (55 пайызын) кыздар түздү.
2021/2022- окуу жылында орто кесиптик окуу жайларына тапшырууну каалагандардын арасында эң популярдуу адистиктер билим берүү, жалпы кабыл алынгандардын 26%, саламаттыкты сактоо – 17%, ошондой эле экономика жана башкаруу – 14% болуп саналат.
2017/2018- окуу жылына салыштырмалуу кабыл алынгандардын санынын эң көп өсүшү информатика жана компьютердик технологиялар (1,9 эсеге) жана билим берүү (30%) адистиктеринде байкалган, ал эми айыл чарба адистиктери 1,9 эсеге, экономика жана башкаруу дээрлик 13% кыскарган.
Адистиктер боюнча орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алынган студенттердин
санын бөлүштүрүү
(окуу жылынын башына карата, адам)
2021/2022- окуу жылынын башында республикада 60 жогорку кесиптик окуу жайлары (ЖОЖ) иштеди, аларда 235 миңге жакын адам окуйт, алардын жарымынан көбү (51 пайызы) кыздар.
Жогорку окуу жайларынын студентеринин эң көп суроо талабы педагогикалык илимдер адистиги боюнча, студенттердин жалпы санынын 26%, гуманитардык жана социалдык адистиги боюнча - 25%, экономикалык – 14% жана медициалык - 13% ашык.
2017/2022-жылга салыштырмалуу педагогикалык илимдер адистигине (2,9 эсе), экономикалык (1,9 эсе), медициналык (1,6 эсе), ошондой эле гуманитардык жана социалдык адистиктерине (1,5 эсе) кабыл алынгандардын саны өскөн.
Адистиктер боюнча жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алынган
студенттердин санын бөлүштүрүү
(окуу жылынын башына карата, адам)
__________________________________________________________________________________
Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042 Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)