ИДПнын көлөмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди.
Publications: 21.01.2016
ИДПнын көлөмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди.
Ички дүң продукт (ИДП) 2015-ж. алдын-ала баалоо боюнча 423,6 млрд. сомду түзүп, мурунку жылга салыштырганда 3,5 пайызга көбөйдү. ИДПнын өсүүсү негизинен, кызмат көрсөтүүчү тармактар (ИДПнын бардык өсүүсүнүн 49,6 пайызы), ошондой эле айыл чарбасы (26,4 пайыз) жана курулуш (29,9 пайыз) тарабынан камсыздалды. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын өсүүсү 4,5 пайызды түздү.
Мурунку жылга салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 0,9 пайызга (үлүшү өнөр жайдын эсебинен 1,1 пайызга азайган) азайып, 37,6 пайызды түздү, ошол эле убакта кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 2,8 пайызга көбөйүп, 50,3 пайызды түздү.
1-таблица: 2015-жылдагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
(пайыз менен)
|
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү темптери (төмөндөшү- ) |
ИДПнын түзүмү |
|
|
2014 |
2015 |
|||
|
ИДП |
423635,5 |
3,5 |
100 |
100 |
|
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук |
59395,6 |
6,2 |
14,7 |
14,0 |
|
Өнөр жай |
64959,7 |
-4,2 |
16,5 |
15,3 |
|
Пайдалуу кендерди казуу |
3902,7 |
63,8 |
0,6 |
0,9 |
|
Иштетүү өндүрушү (Иштетүү өнөр жайы) |
51146,9 |
-7,8 |
13,7 |
12,1 |
|
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
8975,5 |
-2,8 |
1,9 |
2,1 |
|
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
934,6 |
3,5 |
0,3 |
0,2 |
|
Курулуш |
35322,9 |
13,9 |
7,4 |
8,3 |
|
Дүң жана чекене соода; автомобилдерди |
79073,6 |
6,6 |
17,8 |
18,7 |
|
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
16541,8 |
1,2 |
3,7 |
3,9 |
|
Мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги |
8251,4 |
8,9 |
1,8 |
2,0 |
|
Маалымат жана байланыш |
18335,9 |
5,2 |
4,3 |
4,3 |
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
90699,2 |
0,6 |
19,9 |
21,4 |
|
Продуктуларга таза (субсидиялар эсептен алынган) салыктар |
51055,4 |
3,5 |
13,9 |
12,1 |
Улуттук эсептер тутуму башкармалыгы, e-mail: aorosbaev@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).
Колу жана күнү 20.01.2016ж.
