Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик статистика агенттигинин экс-директору Аманкул Зулпукаровдун некрологу (1992-1993-жж.)

Publications: 13.03.2025


2025-жылдын 11-мартында статистика тармагына эмгек сиңирген адис, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик статистика агенттигинин мурдагы директору Зулпукаров Аманкул Зулпукарович дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен билдиребиз.
 
Зулпукаров Аманкул Зулпукарович 1945-жылы 21-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Саты айылында туулган. 1969-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин "эл чарбасынын экономикасы" адистиги боюнча жана Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепти "партиялык советтик курулуш, саясат таануу" адистиги боюнча аяктаган.
 
Аманкул Зулпукаров өзүнүн кесиптик карьерасында Кыргыз ССРинин Борбордук статистика башкармалыгында экономисттен Нарын облусунун статистика башкармалыгынын башчысына чейинки жолду басып өткөн. 1992-1993-жылдары Мамлекеттик статистика агенттигинин директору болгон, ошондой эле 1993-1994-жылдары Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары болуп иштеген.
 
Аманкул Зулпукаров көп жылдык эмгеги, мамлекеттик статистиканын жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн "Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке XX жыл" мааракелик медалы жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
 
Статистика жана экономика тармакатарына кошкон салымы баа жеткис бойдон кала берет. Аманкул Зулпукаровдун жаркын элеси профессионал, кесипкөй адис катары кесиптештеринин жүрөгүндө жашайт.
 
Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз.
 
 

Last updating: 13.03.2025, 15:10