Кыргыз Республикасында малды жана үй канаттууларын бир жолку кайра эсептөөнүн жыйынтыктары жөнүндө
Publications: 15.02.2019
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 2018-жылга карата Статистикалык иштердин программасынын жана “Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылдын аягына карата малды жана үй канаттууларын кайра эсептөөнү жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин биргелешкен буйругун аткаруу максатында, 2018-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетектөөсүнүн алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары малды жана үй канаттууларын текши кайра эсепке алууну өткөрүштү.
Санакта мамлекеттик жана жамааттык чарбаларында, мекемелердин жана уюмдардын көмөкчү чарбаларында, дыйкан (фермердик) чарбаларында, жеке ишкерлердин чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында болгон мал жана үй канаттуулары эсепке алынды.
1-таблица. Мал жана үй канаттууларынын саны
(жылдын аягына карата чарбалардын бардык категорияларында, баш)
2017 |
2018 |
2018 к 2017 |
||
+,- |
в % |
|||
Ири мүйүздүү мал |
1575434 |
1627296 |
51862 |
103,3 |
Койлор жана эчкилер |
6077775 |
6167949 |
90174 |
101,5 |
Чочколор |
52169 |
51265 |
-904 |
98,3 |
Жылкылар |
481329 |
498684 |
17355 |
103,6 |
²й канаттулары |
5910418 |
6009697 |
99279 |
101,7 |
Төөлөр |
228 |
246 |
18 |
107,9 |
Эшектер |
33144 |
28941 |
-4203 |
87,3 |
Коендор |
25384 |
27677 |
2293 |
109 |
Аары бал челеги, шт. |
111690 |
118996 |
7306 |
106,5 |
Малга жана үй канаттууларына жүргүзүлгөн санактын жыйынтыгы республикада айыл чарбасындагы малдардын негизги түрлөрүнүн санынын өсүп жаткандыгын көрсөтүп турат. (Кененирээк...)
_______________________________________________________________________________________
Айыл чарба статистикасы бөлүмү |
|e-mail:e.turgunbaeva@stat.kg; | тел. + 996 (312) 62 57 35 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалыматтык тарамдарда кагаз түрүндө, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучу маалыматтын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КРнын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).