2014/2015 окуу жылынын башына карата Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдары
Publications: 02.04.2015
2014/2015 окуу жылынын башына карата республикада 129 орто кесиптик билим берүүчү уюмдар иштеген, аларда окуган студенттердин саны 92 миңден көп адамды түздү. Студенттердин жалпы санындагы контрактык негизде окугандардын үлүшү 84 пайызды түздү.
Республиканын орто кесиптик билим берүүчү уюмдарына 31 миңден көп адам кабыл алынды. Мурдагыдай эле экономика жана башкаруу – кабыл алынгандардын жалпы санынын 23 пайызы, саламаттыкты сактоо – 22 пайыз жана билим берүү – 12 пайыз адистиктери эң эле белгилүү.
Азыркы окуу жылында республикада 214 миңден көп адам окуган 53 жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдар иштейт. 19 жеке билим берүүчү уюмдарда 25 миңден ашык студенттер же жалпы санынын 12 пайызы окушат. Студенттердин жалпы санындагы контрактык негизде окугандардын үлүшү 85 пайызды түздү.
Республиканын жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарына 32 миңге жакын адам кабыл алынды. Жогорку сурам менен экономикалык багыттагы адистигин - кабыл алынгандардын жалпы санынын 20 пайызы, техникалык адистикти – 18 пайызы, медицина адистигин - 12 пайызы, билим берүүнү – 11 пайызы жана юриспруденция адистигин – 9 пайызы пайдаланышат.
_______________________________________________________________________________________________________________
Социалдык статистика e-mail: j.rahmanova@stat.kg
бөлүмү e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдү таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).
