2025-жылы берилген микрокредиттердин 62 пайызга жакыны керектөө муктаждыктарына багытталды

Publications: 31.03.2026


2025-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы 86 млрд. сомду түздү, мында алуучулардын саны 1 685,6 миң адамды түздү. Микрокредиттерди алган калктын саны 2024-жылга салыштырганда 1,5 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү дээрлик 32%га көбөйгөн

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Бишкек ш. (алуучулардын жалпы санынын 36%дан ашыгы), Ош облусуна (13%га жакын), Жалал-Абад (11%га жакын) жана Чүй (9%дан ашык) облустарына туура келди. Ошол эле учурда микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 28,5%ы), Ош (15%дан ашык), Чүй (14%га жакын) жана Жалал-Абад (14%га жакын) облустарынын алуучуларына берилди.

Тармактык түзүмдө берилген микрокредиттердин эң чоң үлүшү мурдагыдай эле керектөө муктаждыктарына туура келди (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 62%га жакыны). Айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүү чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү 15%ы, соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө - 10%дан ашык түздү.

Алуу максаттары боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

 

Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы  |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;   |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 31.03.2026, 10:28