2015-жылдын I кварталындагы Кыргыз Республикасынын туризмин өнүктүрүүнүн негизги индикаторлору
Publications: 25.05.2015
2015-жылдын 1-апрелине карата республиканын аймактарында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти ишке ашырган 96 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер (юридикалык жана жеке жактар) катталды, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө караганда 8,6 пайызга көп, анын ичинен 9,7 миң субъекттер же 10,1 пайызы рекреация жана эс алуу жаатындагы кызматтарды көрсөтөт.
Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк алдын-ала баалоо боюнча 2303 млн. сомдон көп же ИДПга карата 2,9 пайызга (2014-жылдын тийиштүү мезгилинде 3,2 пайыз) түзүлдү.
2015-жылдын 1-кварталындагы мейманканалар жана кыска мөөнөткө жашоо үчүн ылайыкталган башка жайлардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 367 млн. сомдон көбүн түздү, бул 2014-ж. тийиштүү мезгилине караганда 10,4 пайызга көп. Ресторандар жана башка тамактануу ишканалары тарабынан кызматтарды көрсөтүүнүн көлөмү 2014-ж. январь-мартынын деңгээлинен 4,5 пайызга ашты жана 1079 млн. сомду түздү.
______________________________________________________________________________________________________________
Айлана-чөйрө жана МКТ e-mail: korozbaeva@stat.kg
статистикасы бөлүмү тел.: +996 (312) 32 46 91
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдү таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).
