Республиканын калкынын жумушсуздук деңгээлинин төмөндөшү байкалууда

Publications: 19.09.2024


Бул тууралуу  Улутстатком тарабынан 2023-жылы өткөрүлгөн үй-чарбаларынын бюджеттеринин жана жумушчу күчтөрүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары тастыктап турат.
 
Изилдөөнүн маалыматтары боюнча, 2023 - жылы 15 жана андан улуу жаш курактагы жумушчу күчүнүн саны 2,7 миллиондон ашык адамды түздү, алардын ичинен 2,6 миллиондон ашыгы – иш менен камсыз болгон  жана 112 миңи - жумушсуздар. Мында 2022 - жылга салыштырмалуу 15 жана андан улуу жаш курактагы иш менен камсыз болгон калктын саны 3 пайызга көбөйдү, ошол эле убакытта жумушсуздардын саны 15 пайызга азайды. Экономикада иштегендердин жалпы санында иштеген эркектердин саны (1,6 млн.) иш менен камсыз болгон аялдардын санынан (1,0 млн.) ашты.
 
2023-жылы калктын иш менен камсыз болуу деңгээли жалпысынан 56 пайызды түздү, 2022-жылга салыштырмалуу 0,8 пайыздык пунктка төмөндөдү. Эркектердин арасында иш менен камсыздуулук деңгээли (71 пайыз) аялдарга караганда (42 пайыз) жогору. Жумушсуздуктун деңгээли 4,1 пайызды түзүп 2022-ж. салыштырмалуу 0,8 пайыздык пунктка төмөндөдү. 

     

_
 ______________________________________________________________________
Эмгек жана иш менен
камсыз кылуу
статистикасы бөлүмү              |e-mail: jailobaeva@stat.kg;         |тел. + 996 (312)  62 60 76
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Last updating: 19.09.2024, 10:44