Эл жана турак-жай фондун каттоо 2022: жетинчи күн
Publications: 31.03.2022
Өлкөбүздө эл каттоо өнөктүгү активдүү уланууда. Анын натыйжасында, каттоого алынган респонденттердин катары өсүп жатат.
Каттоо өнөктүгү борбор калаабыз Бишкекте да жигердүү жүрүп жатат, азыркы тапта 60тан ашык инструктор-текшерүүчүлөр жана координаторлор иш алып бара турган бөлүмдөр кызмат кылышууда.
Эл каттоо калктын социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп саналат. Мында калктын билим деңгээли, нике-үй-бүлөлүк түзүмү жана өлкөнүн этнолингвистикалык курамы жөнүндө маалымат бир гана жалпы эл каттоонун натыйжасында алынат.