Улутстатком 2025-жылдагы айыл чарба каттоосунун каттоо персоналы үчүн окутуу семинарларынын биринчи этабын баштады

Publications: 11.03.2025


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери 2025-жылдын 3-мартынан тартып өлкөнүн аймактарында убактылуу каттоо кызматкерлери үчүн окутуу семинарларынын биринчи этабын өткөрө башташты. Окууту 2025-жылдагы айыл чарба каттоосуна даярдануунун алкагында уюштурулган жана каттоонун катышуучуларынын ар кандай категорияларын камтыйт.
 
Окуу, каттоого катыша турган 6791 кызматкерге, анын ичинде, координаторлор (220 адам), инструктор-контролерлор (898), каттоочулар (4494) жана регистраторлор (1179) үчүн жүргүзүлөт. Семинарлар Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Улуттук статистика комитетинин облустук башкармалыктарынын жана райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин филиалдарынын кызматкерлери үчүн өткөрүлөт.
 
Графикке ылайык, окутуу семинарлары буга чейин Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Баткен облустарында өткөрүлгөн. Окуу семинары Жалал-Абад облусунда да башталды. Жакынкы убакта окуу семинары Нарын, Талас, Ош облустарында жана Ош шаарында өткөрүлөт. Семинарлардын биринчи этабы 2025-жылдын 18-мартына чейин созулат жана республиканын бардык аймактарын камтыйт.
 
Окууту семинары айыл чарба каттоосун ийгиликтүү жана сапаттуу жүргүзүүнү камсыз кылуу жана эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалымат алуу үчүн каттоо персоналынын квалификациясын жогорулатууга багытталган.
 
2025-жылдагы айыл чарба каттоосу Статистикалык базаны жакшыртууда, айыл чарбасынын түзүмү жөнүндө так маалыматтарды камсыз кылууда маанилүү этап болуп саналат жана азык-түлүк жана экономиканын айыл чарба секторун өнүктүрүү жаатындагы маалыматтардын негизги булактарынын бири.

Last updating: 18.03.2025, 16:09