Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында ИДПнын өсүшү 8,4 пайызды түздү

Publications: 10.10.2024


Ички дүң продукт 2024-жылдын январь-сентябрында алдын ала баалоо боюнча 952 млрд. га жакын сомду түздү жана 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 8,4 пайызга көбөйдү.
 
Ички дүң продукт
          (мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)
2024-жылдын январь-сентябрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 394 миллиард сомдун тегерегин түздү жана 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу тазаланган мунай продуктуларынын (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (32,5 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарынын (22,6 пайызга), текстиль өндүрүшүндө жана кийим-кече өндүрүшүндө (13,2 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарынын (8,8 пайызга), ошондой эле фармацевтикалык продукциянын (5,9 пайызга) өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 4,2 пайызга көбөйдү.
Өнөр жай продукциясынын көлөмү
  (мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)
Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 36,9 пайызды, дүң жана чекене соода - 16,6 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы - 6,7 пайызды түздү.
 
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 3,4 пайызды түздү. Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 9,2 пайызга, азык - түлүк эмес товарларга - 2,9 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 1,4 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер - 7,0 пайызга жогорулады.
 
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) Жалал-Абад облусун кошпогондо, республиканын бардык региондорунда байкалды (0,1 пайызга төмөндөө). Мында баалардын максималдуу өсүшү (4,5 пайыз) Ысык-Көл облусунда катталды.
 
Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-августунда 10,6 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 9,0 пайызга көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 13,1 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 8,1 пайызга көбөйгөн.
 
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-августунда 3,2 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 8,8 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,2 пайыз) жана Казакстанга (26,9 пайыз) туура келди.

 

  Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)
Импорт                                                                           Экспорт

Презентациялар: 

 
****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык  системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 
Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 664038     e-mail: smi_nsc@stat.gov.kg Дареги: Фрунзе  көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).
 

Last updating: 11.10.2024, 11:48