Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукттун өсүшү камсыздалды
Publications: 16.01.2024
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-декабрь айларында 1,2 триллиондон ашык сомду түздү жана мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштармалуу 6,2% жогорулады.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, мурунку жылдын январь-декабрына салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 6,2%, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 3,6%, ал эми продукттарга болгон таза салыктардын өсүү темпи 12,7%, жогорулады.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (50,8%) өткөн жылдын жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип 0,2 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 32,3% түздү жана 2,9 пайыздык пунктка кыскарган. Муну менен бирге, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өнөр жайдын үлүшү 16,0% түзүп, 1,1 пайыздык пунктка төмөндөдү, айыл чарбасынын үлүшү 9,7% түздү жана 1,3 пайыздык пунктка төмөндөдү.
2023-жылдын январь-декабрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
|
2022 |
2023 |
|||
ИДП |
1 228 898,8 |
106,2 |
100,0 |
100,0 |
Товар өндүрүү тармактары |
396 812,9 |
103,6 |
35,2 |
32,3 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
118 646,5 |
100,6 |
11,0 |
9,7 |
Өнөр жай |
196 417,8 |
102,7 |
17,1 |
16,0 |
Пайдалуу кендерди казуу |
22 062,1 |
103,1 |
1,8 |
1,8 |
Иштетүү өндүрүшү |
154 878,4 |
102,0 |
13,6 |
12,6 |
Электр энергия, газ, буу жана |
|
|
|
|
кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
16 874,4 |
108,4 |
1,5 |
1,4 |
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
2 602,9 |
105,8 |
0,2 |
0,2 |
Курулуш |
81 748,6 |
110,3 |
7,1 |
6,6 |
Кызмат көрсөтүү тармактары |
624 165,4 |
106,2 |
51,0 |
50,8 |
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
194 268,6 |
115,1 |
15,2 |
15,8 |
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
36 374,7 |
107,4 |
3,0 |
3,0 |
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
20 712,6 |
122,6 |
1,5 |
1,7 |
Маалымат жана байланыш |
25 342,1 |
106,7 |
2,3 |
2,1 |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
347 467,4 |
100,5 |
29,0 |
28,2 |
Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
207 920,5 |
112,7 |
13,8 |
16,9 |
****
Экономикалык статистика жана
улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).