2025-жылдын II кварталына “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень” басып чыгарууга даярдалды
Publications: 27.08.2025
Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2025-жылдын жылдын II кварталындагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыз болуу деңгээлинин талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү, калктын адам башына алгандагы азык-түлүктүн керектөөсү жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана тутумдаштырылган.
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, 2025-жылдын II кварталындагы тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, негизги тамак-аш азыктары боюнча азык-түлүк балансы, 2025-жылдын I кварталы үчүн 5 016 үй чарбаларынын интеграциялык тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча энергетикалык баалуулук түрүндөгү тамактануу теңдеми, ошондой эле бир нече жылдар боюнча азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылмалар» бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.
________________________________________________________
Үй чарбалар статистикасы башкармалыгы | e-mail: ykalymbetova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324655
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
