“Кыргызстан сандарда ” аттуу статистикалык жыйнак басмага даярдалды
Publications: 01.08.2025
Статистика органдары тарабынан каттоо өткөрүү, тандалма изилдөө жана статистикалык байкоонун башка формаларын жүргүзүү аркылуу ишканалардан, уюмдардан, калктан алынган маалыматтардын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун маалыматтарынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын материалдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ушул жыйнакты даярдады.
Кыскача статистикалык маалымдамада 2024-жылдагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалыматтар мурунку жылдарга салыштырылып берилген.
Жыйнакта экономиканын бардык тармактары тууралуу көрсөткүчтөр камтылган. Социалдык сектордо калк, жумуштуулук жана калктын жашоо деңгээли тууралуу расмий статистикалык маалымат сунушталды. Мындан тышкары жашоо шарты, ден-соолугунун абалы жана калкты медицияналык тейлөө боюнча, билим берүү жана маданият, туризм жана эс алуу, ошондой эле коомдук менен диний уюмдар жана мекемелер тууралуу маалымат берилет. Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр камтылган. Реалдуу сектор бөлүмүндө өнөр-жай, айыл чарба, инвестиция, курулуш жана башка тейлөө көрсөтүү тармактар боюнча экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча көрсөткүчтөр келтирилет. Улуттук эсептер тармагында базар экономикасынын ишмердүүлүгүн жана калыптандырууну шарттаган макроэкономикалык маалыматтар тартууланган. Мамлекеттик жана финансы секторлорунда мамлекеттик финансы, акча айлантуу жана насыялоо боюнча маалымат жайгаштырылган. Тышкы экономикалык ишмердүүлүк, Кыргыз Республикасынын экспорт жана импорттун түзүмү тууралуу көрсөткүчтөр тышкы сектор бөлүмүндө камтылды. Аймактарды өнүктүрүү боюнча көрсөткүчтөр келтирилди.
Жыйнактын электрондук версиясын Улутстаткомдун расмий сайтынан (www.stat.gov.kg) “Басылмалар” бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.
