Кыргыз Республикасынын керектөө рыногу» статистикалык жыйнагы басууга даярдалды

Publications: 05.10.2023


«Кыргыз Республикасынын керектөө рыногу 2018-2022» басылмасы Кыргыз Республикасынын керектөө рыногунун акыркы беш жыл аралыгындагы абалы жөнүндөгү кыскача аналитикалык обзорун камтыйт. Жыйнакта экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жана мейманканалардын, ресторандардын кызматтарынын жүгүртүү көлөмдөрү жөнүндө жана ошондой эле тамактануу ишканаларынын жүгүртүүсүн кошкондогу чекене сооданын көлөмдөрү жана товардык түзүмү тууралуу маалыматтар берилди. Соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү чакан жана орто ишкердүүлүк жана ошондой эле рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрү тууралуу маалматтар көрсөтүлдү. Маалымат жалпы республика боюнча, ошондой эле анын региондору боюнча берилди.

Басылманын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улуттук статистика комитетинин расмий сайтынын «(www.stat.kg) «Басылмалар» бөлүмүндө жеткиликтүү.  

 

 

 Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы башкармалыгы   | e-mail: ltekeeva@stat.kg| 
тел. + 996 (312) 324 725, 664 166.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 05.10.2023, 14:21