«Кыргыз Республикасынын калкынын турак жай фонду жана турак жай шарттары» басылмасы басууга даярдалды

Publications: 22.08.2024


Жыйнак 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы менен алынган негизги натыйжалардын, ошондой эле мурунку эл каттоолордун айрым маалыматтарынын негизинде даярдалды.
Басылма курулуштардын тиби, кабаттуулугу, тышкы дубалдардын материалы, курулуш мезгили жана жер титирөөгө туруктуулугу боюнча классификацияланган республиканын турак жай фонду жөнүндө кеңири маалыматтарды камтыйт. Типтери боюнча бөлүнгөн турак жайлардын саны тууралуу маалыматтар берилет.
Жыйнакта калктын турак жай шарттары жөнүндө маалыматтар да жайгаштырылган: калктын жана үй чарбалардын менчик формасы жана ээлеген турак жайлардын тиби, бир адамга туура келген турак жай аянтынын өлчөмү, турак жай менен камсыз болушу берилген.
Маалыматтар жалпы республика жана региондор боюнча берилген.
Сунушталган басылма кыргыз жана орус тилдеринде даярдалды.
Басылманын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улуттук статистика комитетинин расмий сайтынын (www.stat.gov.kg) “Басылмалар” бөлүмүндө жеткиликтүү.

Last updating: 22.08.2024, 11:09