2016-жылдагы түшүм үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жыйынтыктары чыгарылды

Publications: 15.07.2016


2016-жылдагы Кыргыз Республикасынын бардык категорияларынын чарбаларындагы айыл чарба өсүмдүктөрү ээлеген бардык себилген аянт 1192,4 миң гектарды түздү, бул мурунку жылга караганда 6,4 миң гектарга (0,5 пайызга) көп.

Дан өсүмдүктөрүнүн (дан буурчак өсүмдүктөрү,күрүч жана гречихасыз) себилген аянты мурунку жылга салыштырганда 16,5 миң гектарга же 2,9 пайызга төмөндөө менен 559,5 миң гектарды түздү, картошканын себилген аянттары 2,3 миң гектарга (2,8 пайызга), азык-түлүктүк бакчалар - 0,7 миң гектарга (6,4 пайызга) азайды.

Муну менен катар кант кызылчасын (6,3 миң гектарга же 2,2 эсеге), тиешелүүлүгүнө жараша пахтаны (2,3 миң гектарга же 16,3 пайызга), күрүчтү (1,3 миң гектарга же 15 пайызга) себүүмурунку жылга салыштырмалуу олуттуу көбөйгөнүн белгилей кетүү керек.

Тоют өсүмдүктөрүнүн аянты анын ичинде себүүнүн көп жылдык чөптөрүнүн чабылган аянты мурунку жылга салыштырмалуу - 20,3 миң гектарга же 7,1 пайызга көбөйдү.

_____________________________________________________________________________

Реалдуу сектор башкармалыгы|e-mail:gmursabekova@stat.kg

|тел. + 996 (312) 664043

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магнитик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Last updating: 15.07.2016, 10:06