2014-жылдагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүүсүнүн акыркы жыйынтыгы чыгарылды

Publications: 28.05.2015


 

2014-жылы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 2013-жылга салыштырганда 24,6 пайызга төмөндөп, 727,1 млн. долларды түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (79,1 пайызы) геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүш ишканаларына жана пайдалуу кендерди казууга багытталган. Геологиялык чалгындоого багытталган инвестициялардын көлөмү 1,8 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканалары – 14,6 пайызга төмөндөдү, пайдалуу кендерди казуу боюнча ишканаларына тескерисинче 3,2 эсеге жогорулады.

2014-жылы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 2013-ж. салыштырмалуу 24,3 пайызга төмөндөгөн, мунун менен Кытайдан (2,1 эсеге), Улуу Британиядан (1,5 эсеге) келген инвестициялардын көлөмү бир кыйла кыскарды, Канададан тескерисинче 1,8 эсеге өстү.

КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 2013-ж. салыштырмалуу 26,9 пайызга төмөндөдү, муну менен Казакстандан алардын келүү агымы 1,7 эсеге, Россиядан - 13,5 пайызга кыскарды.

_______________________________________________________________________________________________________________

Курулуш жана инвестиция

статистикасы бөлүмү   |   e-mail:  birukova@stat.kg;  |   тел. + 996 (312) 324642

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдү таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 09.06.2015, 14:02