Расмий статистика органдарынын кесиптик күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун куттуктоосу

Publications: 30.04.2023


Урматтуу расмий статистиканын ардагерлери жана кызматкерлери!

Бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Статистика кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргызстандын мамлекеттик статистикасынын тарыхы өткөн жүз жылдыктын тээ алыскы жыйырманчы жылдарына барып такалат, анда экономикалык жана социалдык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча системалуу иштерди жолго салган алгачкы статистикалык уюмдар түзүлө баштаган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети  мамлекеттик органдардан тартып, калктын калың катмарына жана эл аралык коомчулукка чейинки колдонуучулардын бардык категориялары менен тыгыз кызматташууну өркүндөтүп, ийгиликтүү иш алып барып жаткан системанын үлгүсү болуп саналат.
Өткөн жыл статистиктер үчүн абдан натыйжалуу жыл болду. Эл жана турак жай фондун каттоо электрондук форматта өтүп, 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы кабыл алынды. Мындан сырткары, өлкөбүздүн жети миллионунчу жаранынын төрөлүшүн белгиледик.  

Албетте, маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, статистикалык маалыматтарды алууга ыңгайлуулуктарды түзүү боюнча максаттарга басым жасап, ишмердигибизди андан ары жакшыртууну көздөп жатабыз.

Азыркы убакта Улутстатком тарабынан 4 миллиардга жакын статистикалык көрсөткүчтөр чогултулат жана иштелип чыгат, жылына 26 миңден ашык статистикалык иштер аткарылат. Жыл сайын кеңири чөйрөдөгү колдонуучуларга 2 миңге жакын статистикалык жыйнактар жана басылмалар сунушталат, алардын 900ү республиканын жана анын региондорунун экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүнүн ар түрдүү маселелери тууралуу экспресс-маалыматтар болуп саналат. 

Урматтуу статистиктер!

Сиздердин кесиптик чеберчилигиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Ишибиз ар дайым өсүп-өркүндөп, өлкөбүздүн бакубат келечегин курууга жардам бере берсин. 
Сиздерге бекем ден соолук, кесиптик жана жеке максаттарыңыздарга жетүүдө күч-кубат жана чыдамкайлыкты каалайм.

 

Эң жакшы каалоолору менен,

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов


Last updating: 29.04.2023, 13:15