Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Эл аралык аялдар күнүнө карата куттуктоосу

Publications: 07.03.2025


Урматтуу айымдар!
 
Сиздерди, керемет жана маанилүү майрам — Эл аралык аялдар күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул күн — сиздердин күчүңүздөргө, акылыңыздарга, камкордугуңуздарга, коомдун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымыңыздарга урмат көрсөткөн күн.
 
Ар бир айым — бул рухтун күчү, чыдамкайлык жана назиктиктин биргелиги. Сиздердин эне, кесипкөй, лидер жана дос ролдорун гармониялуу айкалыштыруу жөндөмүңүздөр — биз үчүн үлгү болуп саналат. Кыргызстандын айымдары — бул үй-бүлөнүн очогун сактоочулар гана эмес, өлкөнүн өнүгүү процесстеринин активдүү катышуучулары. Сиздердин энергияңыздар, кемелдикке жетүү үчүн болгон аракеттериңиздер жана тынымсыз эмгегиңиздер биздин өлкөнүн социалдык, экономикалык жана маданий гүлдөшүнө зор салым кошууда. Кыргызстандын айымдары биздин өлкөнү эл аралык аренада ардактап гана тим болбостон, чөйрөөнү жакшыртууга да активдүү аралашып жатышат. Айрыкча айымдардын көз карашы аркылуу биз адилеттүү жана гүлдөп-өнүккөн коомго карай кадам таштоодобуз.
 
Статистикалык иште айымдардын ролу өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Статистика — бул дүйнөнү сандар аркылуу түшүнүү, чечимдерди сандарга таянып кабыл алуу жана келечекти сандар менен куруунун тили. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде көптөгөн таланттуу жана кесипкөй айымдар эмгектенишет, ар бир жарандын маалыматка жеткиликтүүлүгүн жана тактыгын камсыз кылуу үчүн бар күчүн жумшоодо. Алардын эмгеги аркылуу биз жүрүп жаткан процесстердин так сүрөтүн көрүп, калк үчүн жашоону жакшыртуу боюнча натыйжалуу стратегияларды түзүүдөбүз.
 
Урматтуу айымдар!
 
Биз сиздердин жетишкендиктериңиздер, эмгекчилдигиңиздер менен сыймыктанабыз жана сиздердин күн сайын ишке, үй-бүлөгө жана коомго болгон салымыңыздар баа жеткис экенин туюп билебиз.
 
Сиздерге чың ден соолук, бактылуулук жана бардык тармактардагы ийгиликтерди каалайм! Сиздердин тилектериңиздер орундалып, эмгегиңиздер ар дайым ырахат жана таануу алып келсин!
 
Эл аралык аялдар күнү менен! Сиздер — биздин сыймыгыбыз жана күчүбүз!
 
Урматтоо менен,
Төрага
Бактыбек Кудайбергенов
 

Last updating: 10.03.2025, 15:08