Publications: 31.12.2024
Урматтуу кесиптештер, респонденттер жана биздин колдонуучулар!
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди келе жаткан 2025-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Сөз башында, өтүп бара жаткан 2024-жылы биргелешкен күч-аракеттериңиздердин натыйжасында ишке ашкан жетишкендиктер жана эмгегиңиздер үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем.
2024-жыл биз үчүн талыкпаган эмгектин жана зор ийгиликтердин жылы болду. Биз мындан ары өнүгүүгө туруктуу негиз түзүү менен Улуттук статистика тутумун модернизациялоого жана санариптештирүүгө жол алдык.
Алгач биздин урматтуу респонденттерге статистикалык отчет берүүгө активдүү катышкандыгы жана жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет. Сиздердин маалыматтарды берүүгө кошкон салымыңыздар биздин экономиканын жана социалдык чөйрөнүн абалын так чагылдырууда негизги ролду аткарат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, 2024-жыл ичинде биздин урматтуу колдонуучулар үчүн 1100дөн ашык экспресс-маалыматтарды, 600 статистикалык бюллетенди жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, илимий эмгектерди даярдоо жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мониторинг жүргүзүү үчүн 60тан ашык статистикалык жыйнактар менен камсыз кылды.
Биз статистикалык маалыматтарды жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн арттыруу боюнча иштерибизди алдыңкы эл аралык тажрыйбаларга туура келген, улуттук эсептер, өнөр жай, энергетика, климаттын өзгөрүшү жана башка статистика тармактары боюнча жаңы методикалык жоболорду иштеп чыгууну уланттык.
Ошондой эле административдик маалыматтарды колдонууга жана процесстерди автоматташтырууга багытталган долбоорлордогу олуттуу прогрессти белгилей кетсек ашыкча болбойт. Негизги мамлекеттик органдар менен келишимдерге кол коюлду, бул бизге маалыматтарды тезирээк жана так чогултууга, ошондой эле талдоого мүмкүндүк бермекчи.
Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Улутстаткомдо электрондук отчеттуулук тутумуна кирүү жана инфраструктураны, анын ичинде веб-сайтты жана технологияларды модернизациялоо боюнча долбоорлор жигердүү өнүгүп жатат.
Жаштардын жана адистердин арасында статистикалык сабаттуулукту жогорулатуу да маанилүү багыттардын бири болуп калды. Биз ЖОЖдор менен биргеликте өлкөнүн он университетинде активдүү колдонулуп жаткан статистикалык сабаттуулук боюнча курсту иштеп чыктык жана ишке киргиздик, ошондой эле колдонуучуларыбыздын арасында статистикалык потенциалды жогорулатуу боюнча ар кандай курстарды үзгүлтүксүз өткөрүп келебиз.
2024-жыл эл аралык өнөктөштүктү чыңдоо мезгили болду. Корея Республикасынын катышуусу менен 5,5 млн АКШ доллары суммасындагы статистикалык потенциалды жогорулатуу боюнча долбоорду ишке киргизүү-бул биздин статистикалык маалыматтарыбыздын жана жалпы эле ишибиздин сапатын жогорулатуудагы маанилүү кадам болуп саналат.
Урматтуу кесиптештер, респонденттер жана биздин колдонуучулар!
Ар бириңиздерге Жаңы жылда ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана ишиңиздерге аблан-албан ийгиликтерди каалаймын! 2025-жыл жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, кубанычты жана аткарылган жумуштан канааттанууну алып келсин! Ар бир күн жакшы маанай жана жумушка болгон эргүү менен коштолсун!
Терең урматым менен,
Б. Ж. Кудайбергенов