Улутстаткомдун төрагасы Белград шаарында жогорку деңгээлдеги семинарга катышууда

Publications: 12.09.2024


Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Борбордук Азия жана Европа коңшулук саясатынын Чыгыш регионундагы өлкөлөрдүн улуттук статистикалык ведомстволорунун жетекчилери үчүн жогорку деңгээлдеги семинарга катышууда.
 
Семинардын темасы - "Жаңы маалымат экосистемасындагы статистикалык лидерлик: маалымат ээлери, расмий статистика өндүрүүчүлөр жана колдонуучулар менен мамилелерди түзүү жана башкаруу".  
 
Семинар Европа Бирлигинин статистикалык кызматы (Евростат) тарабынан Европа Эркин соода ассоциациясынын (ЕАСТ) жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) көмөгү менен Сербия Республикасынын Белград шаарында 2024-жылдын 11-сентябрынан 13-сентябрына чейин уюштурулган.  
 
Бактыбек Кудайбергенов биринчи сессиянын жүрүшүндө жетишилген натыйжалар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык системасын өркүндөтүүгө багытталган жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө кыскача маалымат берди.
 
Семинардын жүрүшүндө төмөнкүдөй негизги маселелерге басым жасалат:  
  • улуттук статистикалык системаларды координациялоо;  
  • альтернативдүү маалымат булактарын колдонуу;  
  • колдонуучулар жана маалымат өндүрүүчүлөр менен байланышты жакшыртуу;  
  • статистикалык процесстерде мыкты тажрыйбаларды жана жаңы ыкмаларды алмашуу.
Ошондой эле семинардын талааларында Бактыбек Кудайбергенов Сербиянын статистикалык башкармалыгынын жетекчиси Бранко Йосипович мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн статистикалык ведомстволорунун ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.  
 
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банктын "Кыргыз Республикасынын Статистикалык системасын модернизациялоо" долбоорунун алкагында Сербиялык "овт"системасы тандалып алынган. Азыркы учурда ал электрондук отчеттуулукка жана жаңы бизнес-процесстерге өтүү үчүн Кыргыз статистикалык системасына киргизилүүдө.
 
Улутстаткомдун башчысы окутуу жана жаңы технологияларды киргизүү маселелеринде колдоо көрсөткөндүгү үчүн Сербиялык кесиптештерине ыраазычылык билдирди. Тараптар мындан аркы тажрыйба алмашууга жана статистикалык процесстерди жакшыртуунун үстүндө биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Last updating: 12.09.2024, 20:50