ПРЕСС-АНОНС: 2023-жылдын январь-августундагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Publications: 08.09.2023


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Алдыдагы маалымат жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2023-жылдын январь-августундагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары, эмгек рыногунун абалы жөнүндө жана кызмат көрсөтүү рыногу 2022-жылдагы республикадагы демографиялык абал тууралуу маалыматтар менен бөлүшүшөт.

Өтө турган убактысы: 2023-жылдын 11-сентябрь, башталышы саат 10:00
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Шокенов Бакытбек Кубанычбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Жайлобаева Гульнара Жылкычиевна – эмгек жана иш менен камсыздоо статистикасы бөлүмү;
  • Абдылдаева Турсункан Кадыркуловна – керектөө рыногу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана туризм статистикасы башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  • Абдуллаева Гульхумар Турсуновна - Демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы.

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(700) 79-53-54, Тукашева Айзада. e-mail: smi_nsc @ stat.kg

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 


Last updating: 08.09.2023, 16:48