ПРЕСС-АНОНС: 2021-жылдын январь-апрелинде Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жыйынтыктары
Publications: 12.05.2021
Ай сайын, айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети Пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты, республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу: мамлекеттик органдар, жалпы маалыматтык каражаттар, изилдөөчүлөр, коомдук уюмдар жана башка колдонуучулар тарабынан колдонула турган расмий статистикалык маалыматтар менен тааныштыруу болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучулары менен ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү жөнүндө маалыматтар жана республиканын жана анын аймактарынын өнөр жай өндүрүшү, ЕАЭБнын мүчө мамлекеттери жана үчүнчү өлкөлөр менен экспорттук-импорттук операциялар жөнүндө маалыматтар менен бөлүшөт.
Мындан тышкары, коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин ишмердигинин 2020-жылдагы көрсөткүчтөрү жана Кыргыз Республикасындагы ички миграциясы жөнүндө маалымат берилет.
Иш-чара Улутстаткомдун Facebook расмий баракчасы аркылуу (http://www.facebook.com/statcom.kg) түз эфирде көрсөтүлөт.
Өткөрүү убактысы: 2021-жылдын 12-майы, саат 10.00дө башталат.
Өткөрүлүүчү жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 374
Баяндамачылар:
- Исенкулова Эльвира Какзакбаевна – экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын начальниги;
- Валуйская Светлана Юрьевна – финансы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси;
- Таипова Тамара Сабыровна – демографиялык статистика бөлүмүнүн башкы адиси;
Мындан тышкары, журналисттер Улуттук статистика комитетинин тиешелүү тармактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан статистикалык маалыматтарды же аларды кызыктырган маселелер боюнча консультацияларды ала алышат.
Интервью (зарыл болсо, көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн, жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнө кайрылыңыз: тел.625662, 625559 e-mail: smi_nsc @ stat.kg
Катышууну (зарыл болсо, көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыз.
****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).