Пресс-анонс: Кыргыз Республикасынын2022-жылдын январындагы социалдык-экономикалык жыйынтыктары

Publications: 09.02.2022


Ар бир айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомчулукту кабардар кылып туруу максатында, пресс-конференция өткөрүп турат. Анда мамлекеттик башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары, изилдөөчүлөр жана коомдук уюмдар жана башкалар пайдалана турган расмий статистикалык маалыматтар тааныштырылат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучулары менен Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын январь айы боюнча социалдык-экономикалык абалдын жыйынтыктары жөнүндө, 2022-жылдын башына карата мал-жандыктын жана үй канаттууларын санап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн негизги тенденциялары жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички соодасынын 2021-жылдын алдын ала жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар менен бөлүшөт.

Басма сөз жыйынында Улуттук статкомдун кызматкерлери келерки жылдын жазында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча Улуттук статистика кызматы көрүп жаткан даярдыктар туурасында маалымат берилет.

Өтө турган убактысы: 2022-жылдын 10-февралы,  Башталышы: саат 10.00

Өтө турган жери:: Улуттук статистика комитети, 720033, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374. 1-кабат (пресс-борбор)

Пресс-конференциянын жүрүшү Улутстаткомдун фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Баяндамачылар:            

  • Турдубаева Ч.С., байланыш жана статистикалык маалыматтарды таркатуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Сулайманова Г.Н., тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Кошматова А.Т.,социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Арынов А.А., айыл-чарба статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси;    
  • Тукашева А.К., статистикалык каттоо жана геомаалыматтык тутум бөлүмүнүн адиси.

Мындан тышкары журналисттер кызыккан суроолору боюнча Улуттук статкомдун тиешелүү бөлүмдөрүнүн башчыларынан маалымат же кеңеш ала алышат.

Дагы толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысы Макешов Мактумкули Макешовичке кайрылсаңыздар болот. тел.625747, (уюл: 070060-69-52) e-mail: smi_nsc@stat.kg

*****

КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүүчү жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. («Кыргыз Республикасынын Расмий статистикасы жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).

 


Last updating: 09.02.2022, 10:34