Publications: 10.03.2025
Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Маалымат-жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2025-жылдын январь-февраль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды берет. Мындан тышкары, билим берүүдөгү негизги тенденциялар жөнүндө жана 2024-жылы Кыргыз Республикасындагы айыл чарба өндүрүшүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилет.
Дата: 11-март 2025-жыл
Убакыт: 10:00
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).
Баяндамачылар:
- Жумалиев Зайнидин Калидинович – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
- Рахманова Жылдыз Жалиловна – социалдык статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы;
- Мурсабекова Гульзейнеп Турдубековна – айыл чарба статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы.
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, e-mail:
statistica.kg@gmail.com