ПРЕСС-АНОНС.2025-жылдын январь-ноябрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары
Publications: 12.12.2025
Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Маалымат-жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2025-жылдын январь-ноябрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары,мындан тышкары, 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасына тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөндүгү тууралуу маалыматар жарыяланат.
Датасы: 2025-жылдын 15-декабрында
Убакыт: 9:00
Трансляция: Нацстаткомдун расмий Facebook баракчасынан түз эфирде бул жерден көрүңүз
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).
Баяндамачылар:
- Керималиева Назира Керималиевна - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
- Бирюкова Виктория Ивановна – Инвеститция статистика бөлүмүнүн башчысы
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47,e-mail: statistica.kg@gmail.com
Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн
e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.
