ПРЕСС-АНОНС. 2024-жылдын январь-октябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Publications: 09.11.2024


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында маалымат-жыйын өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
 
Алдыдагы жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2024-жылдын январь - сентябрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүп, андан тышкары 9 айдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдагы айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө маалымат беришет.

Өтө турган убактысы: 2024-жылдын 11-октябрында, башталышы саат 14:00до

Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:
  • Шокенов Бакытбек Кубанычбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Сулайманова Гульсара Назарбековна – тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Мамбеталиев Тимур Айтбекович – туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын начальниги.

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун Басма сөз кызматына: тел.: 66-40-38, уюлдук тел.:996 503 757 520
Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

Last updating: 11.11.2024, 17:58