2023-жылдагы электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү

Publications: 30.09.2024


2023-жылы энергетика тармагынын ишканалары тарабынан республика боюнча 13,8 млрд. кВт. саат электр энергиясы өндүрүлдү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 0,3%га аз. Мында анын көлөмүнүн 87%га жакыны гидроэлектростанциялар тарабынан өндүрүлдү.
 
2023-жылдагы электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү

 

Млн. кВт. саат

2023-жыл

2022-жылга

карата пайыз менен

2022

2023

Өндүрүлгөн электр энергиясы

13 882,5

13 839,3

99,7

Республиканын чегинен тышкары жактан

2 806,4

3 488,8

124,3

Керектелген электр энергиясы – бардыгы

16 138,9

17 189,7

106,5

         жалпы көлөмдүн ичинен:

өнөр жай (анын ичинде коммуналдык - тиричилик кызматтарга жана калкка электр энергиясын бөлүштүрүү)

7 971,3

8 607,0

108,0

айыл чарбасы (анын ичинде айыл калкына тиричилик керектөөлөрүнө электр энергиясын бөлүштүрүү)

3 323,2

3 669,7

110,4

   башка тармактар

2 455,9

2374,7

96,7

   жалпы жоготуулар

2 388,5

2 538,3

106,3

Республиканын чегинен тышкары чыгарылган

550,0

138,4

25,2

 

2023-жылы 17,2 млрд. кВт. саат электр энергиясы керектелген.  138,4  млн. кВт. саат электр энергиясы республиканын чегинен тышкары чыгарылган (экспорттолгон), бул 2022-жылга караганда 74,8,7%га аз.
 
Керектелген электр энергиясынын жалпы суммасынын 106,0 млн. кВт. саатка жакыны жеке өндүрүштүк жана чарбалык муктаждыктарга жумшалган, бул 2022-жылга салыштырмалуу 19,6%га аз.
 
Муну менен катар, 2023-жылы, 2022 жылга салыштырмалуу билим берүү чөйрөсүндө электр энергиясын керектөө 14,4%га, айыл чарбасында (анын ичинде айыл калкына тиричилик муктаждыктарына электр энергиясын бөлүштүрүү) - 10,4%га, курулушта-9,2%га, мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги чөйрөсүндө – 8,2%га,  ошондой эле өнөр жайда (электр энергиясын тиричилик муктаждыктарына жана калкка бөлүштүрүүнү кошкондо) – 8,0%га  электр энергиясын керектөө көбөйдү.
 
Муну менен бирге транспортто жана байланышта электр энергиясын керектөө 13,4%га, дүң жана чекене соода, ошондой эле транспорт каражаттарын жана тиричилик буюмдарын оңдоо чөйрөсүндө электр энергиясын керектөө 9,8%га төмөндөдү.
2023 -жылы электр энергиясынын жалпы жоготуулары болжол менен 2,5 млрд кВт. саатты түздү.
 
2023-жылы керектелген электр энергиясынын көлөмүнүн жарымы өнөр жайдын үлүшүнө (электр энергиясын коммуналдык-тиричиликтик керектөөлөргө жана калкка бөлүштүрүүнү кошкондо), 21,3%ы - айыл чарбасына (анын ичинде электр энергиясын калктын тиричилик керектөөлөрүнө бөлүштүрүү) туура келди, ал эми башка тармактардын жалпы көлөмдөгү үлүшү 13,8%ды түздү.
_____________________________________________________________________________
Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү | электрондук почта:a.mamanova @ stat.kg; | тел. + 996 (312) 66-40-44
Расмий статистикалык маалыматтарды жана тиешелүү метадайындарды колдонууда колдонуучулар өз булактарына шилтеме кылууга милдеттүү (Расмий статистика жөнүндө мыйзамдын 30-ст.).

Last updating: 30.09.2024, 17:44