2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун логотипин иштеп чыгуу боюнча конкурстук тандап алуу өткөрүлдү
Publications: 23.01.2019
Улуттук статкомдо 2019-жылдын 18-январында 2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун логотипин тандап алуу боюнча конкурстук тандап алуу өткөрүлдү. Конкурстук тандап алууда логотиптин түстүү, кара-ак түстөгү 46 долбоору коюлуп, тартылган элементтерди сүрөттөө менен берилди. Жумуштар 0дөн 5 баллга чейин эсептелип, төмөндөгү чен белгилерине жараша бааланды:
- каттоонун максатынын мазмуну,
- улуттук өзгөчөлүгү,
- аларга сүрөттөөнүн болушу.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан чен белгилери боюнча ар бир долбоор бааланып чыкты. Бардык логотиптин долбоорун талкуулап жана баалап, комиссия экинчи турду өткөрүүнү чечти.