2022-жылдын II кварталында жашоо минимуму
Publications: 13.07.2022
2022-жылдын II кварталында орточо калктын киши башына жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 7 318,24 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15,6 пайызга өстү.
II кварталда аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.
Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орточо киши башына, айына сом менен)
|
II квартал |
Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен |
|
---|---|---|---|
2021 |
2022 |
||
Бардыгы |
6 332,05 |
7 318,24 |
115,6 |
Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк анын ичинен: |
7 122,88 |
8 195,92 |
115,1 |
эркектер |
7 319,33 |
8 402,41 |
114,8 |
аялдар |
7 079,78 |
8 144,75 |
115,0 |
Пенсионерлер |
5 646,66 |
6 542,80 |
115,9 |
Балдар анын ичинен, жашы: |
5 318,54 |
6 192,82 |
116,4 |
0дөн 7ге чейинки |
4 689,48 |
5 496,51 |
117,2 |
7ден 14кө чейинки |
5 539,39 |
6 429,17 |
116,1 |
14 -17 |
6 062,67 |
7 026,06 |
115,9 |
_______________________________________________________________
Үй-чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324655
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).