Жыл башынан бери камсыздандыруу компанияларынын кирешелеринин бир кыйла өсүшү байкалды

Publications: 02.09.2025


Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында республиканын экономикасынын финансы секторунда 18 камсыздандыруу уюму иштеди, алардын кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 эсеге өсүп, 4,6 миллиард сомго жетти. Мында кирешенин негизги бөлүгү (жалпы сумманын 92%ы) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн эсебинен алынган.
Жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 744,6 млн. сом таза киреше алышкан, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 эсеге көп.
 
2025-жылдын 1-июлуна карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 1 609,5 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлгөн, алардын 89%га жакыны жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келген. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 59%га жакынын ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө туура келген.
 
Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 2025-жылдын 1-июлуна карата өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,7 эсеге же 636 миллиард сомго көбөйүү менен 1 505 миллиард сомду түздү. Камсыздандыруу суммасынын олуттуу көбөйүшү ОСАГО келишими (341 млрд. сомго) жана жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу (116 млрд. сомго) боюнча белгиленди.
 
Алынган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 2,2 эсеге өсүп, 4 миллиард сомго жакындады.
 
Жыл башынан бери 17 миң камсыздандыруу учуру катталды, анын ичинен 48%га жакыны кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан камсыздандыруу келишимине туура келет. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги көлөмүн ыктыярдуу мүлктү камсыздандырууга (алардын жалпы көлөмүнүн 70%га жакыны) жана жеке медициналык камсыздандырууга (9%), ошондой эле автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимдери ОСАГО (9%ке жакыны) түзгөн.
 
 
 
___________________________________________________________________________________________________________
Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы  |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591
 
Расмий статистикалык маалыматтарды жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда колдонуучулар алардын булагына кайрылууга милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Last updating: 02.09.2025, 16:19