Калкты билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө тартуу үлүшү эсептелди

Publications: 01.07.2016


      2015/2016-окуу жылдарында калкты билим берүү тутумуна тартуу эсеби көрсөткөндөй калктын башталгыч, орто жана жогорку билим берүү тутумуна кирүү мүмкүнчүлүгүн мүнөздөгөн билим берүүгө тартуунун жыйынды үлүшү башталгыч, орто жана жогорку билим берүү тутумундагы окутууга тийиштүү болгон 7-24 жаш курактагы калктын санын 72 пайызын түзгөн. Окуучулардын жана студенттердин үлүшүнүн эң жогорку көрсөткүчтөрү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн кененирээк тандоосу борбор шаардын жашоочуларына гана эмес, республиканын калган бардык региондорунун өкүлдөрү үчүн дагы сунушталган Бишкек жана Ош шаарларында (100 пайыздан көп) белгиленди. Тартуунун эң эле төмөн деңгээли Ош облусунда (50 пайызга) белгиленди.

      Аяктап жаткан окуу жылында орто жалпы билим берүүчү уюмдардагы 1-9-класстар мектеп курактагы балдардын 100 пайызы барышты. Негизги билим берүүгө тартууда кыздардын жана балдардын ортосундагы олуттуу айырмачылыктар региондордо белгиленген жок. Мурдагыдай эле балдардын эң төмөн тартылуусу жалпы билим берүүчү уюмдардын 10-11-класстарында окугандардын (55 пайызы), өзгөчө балдардын үлүшүнө (50 пайызга жакыны) туура келет.

       2015-жылы мектепке чейинки уюмдарды 7 жашка чейинки курактагы балдардын санынын 20 пайызы барышты. Муну менен бирге балдарды мектепке чейинки окууга тартуу шаар жерлеринде 31 пайыздан көбүн түздү, бул айыл жерлерине карганда 2,5 эсеге көп.

 

____________________________________________________________________________________

Социалдык статистика      |e-mail: j.rahmanova@stat.kg;               |тел. + 996 (312) 32 46 52                                    

бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү(“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 01.07.2016, 09:51