ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин жогорулашы белгиленген

Publications: 14.04.2023


2023-жылдын март айында Арменияны кошпогондо, бардык ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтердин мурунку айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленди, ал эми Арменияда 0,7 пайызга төмөндөө катталган. Кыргыз Республикасындагы баалардын өсүшү (0,2 пайызга) алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын бааларынын жогорулашы менен (1,4 пайызга) шартталды.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли
 (пайыз менен,  өсүшү +; төмөндөшү-)

 

Март
ү.ж. февралына

карата

Март
мурунку жылдын декабрына карата

Марттагы орточо айлык өсүү темпи (төмөндөшү)

2022

2023

2022

2023

2022

2023

Армения

1,8

-0,7

3,5

0,8

1,2

0,3

Беларусь

6,1

0,6

9,4

                   2,6

2,2

0,9

Казакстан

3,7

0,9

5,2

3,2

1,7

1,1

Кыргызстан

3,2

0,2

5,0

3,2

1,6

1,1

Россия

7,6

0,4

10,0

1,7

3,2

0,6

2023-жылдын мартында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (3,2 пайыз) Казакстан Республикасында жана Кыргыз Республикасында  катталды.

Бул мезгилдин ичинде азык-түлүк эмес товарлардын баалары Казакстан Республикасында эң көп (2,5 пайызга) өскөн. Ошол эле убакта кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын максималдуу өсүшү (4,1 пайызга) Беларусь Республикасында катталды.

2023-жылдын мартындагы ЕЭАБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча инфляциянын деңгээли
(пайыз менен,  өсүшү +; төмөндөшү-)

 

Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

анын ичинде:

азык-түлүк

товарлар1

азык-түлүк эмес товарлар

кызмат көрсөтүүлөр

 

Мурунку айга карата

Армения

-0,7

-1,2

0,2

0,4

Беларусь

0,6

0,7

0,3

0,6

Казакстан

0,9

0,9

0,8

0,8

Кыргызстан

0,2

0,0

0,5

0,5

Россия

0,4

0,1

0,1

1,0

 

Мурунку жылдын декабырына карата

Армения

0,8

1,4

-1,1

1,2

Беларусь

2,6

3,0

0,9

4,1

Казакстан

3,2

4,1

2,5

2,8

Кыргызстан

3,2

3,8

2,1

2,6

Россия

1,7

2,3

0,3

2,7

1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки азыктарын кошкондо.

 

Баалар статистикасы бөлүмү                      |e-mail: ceny@stat.kg;                |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 14.04.2023, 16:18