Баалардын жана тарифтердин жогорулашы ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө байкалган
Publications: 18.11.2025
Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча, 2025-жылдын октябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Кыргыз Республикасында баанын өсүшү (1,5 пайызга) белгиленди. Бул азык-түлүк эмес товарлардын (2,2 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (2,4 пайызга) өсүшүнө байланыштуу жогорулаган.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли
(пайыз, өсүшү +; төмөндөшү-)
| Октябрь | Октябрь | Октябрдагы өсүүнүн (төмөндөшү) орточо айлык темптери | ||||
| үстүбүздөгү жылдын сентябрына | өткөн жылдын декабрына карата | |||||
| 2024 | 2025 | 2024 | 2025 | 2024 | 2025 | |
| Армения | 0,3 | 0,3 | -0,8 | 1,4 | -0,1 | 0,1 |
| Беларусь | 0,5 | 0,3 | 4,3 | 6,1 | 0,4 | 0,6 |
| Казакстан | 0,9 | 0,5 | 6,6 | 10,5 | 0,7 | 1,0 |
| Кыргызстан | 0,7 | 1,5 | 4,2 | 7,1 | 0,4 | 0,7 |
| Россия | 0,8 | 0,5 | 6,6 | 4,8 | 0,6 | 0,5 |
2025-жылдын октябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,5 пайыз) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (11,0 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (9,3 пайызга), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (11,0 пайызга) жогорулашы менен шартталган.
2025-жылдын октябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча инфляциянын деңгээли
(пайыз, өсүшү +; төмөндөшү-)
| Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр | анын ичинде: | |||
| азык-түлүк товарлар1 | азык-түлүк эмес товарлар | кызмат көрсөтүүлөр | ||
| Мурунку айга карата | ||||
| Армения | 0,3 | 0,7 | 0,4 | -0,3 |
| Беларусь | 0,3 | 0,8 | -0,1 | 0,0 |
| Казакстан | 0,5 | 1,0 | 1,2 | -0,8 |
| Кыргызстан | 1,5 | 1,0 | 2,2 | 2,4 |
| Россия | 0,5 | 1,1 | 0,7 | -0,4 |
| Былтыркы жылдын декабырына карата | ||||
| Армения | 1,4 | 0,7 | 0,3 | 3,1 |
| Беларусь | 6,1 | 7,7 | 2,8 | 7,5 |
| Казакстан | 10,5 | 11 | 9,3 | 11 |
| Кыргызстан | 7,1 | 7,3 | 5,6 | 8,9 |
| Россия | 4,8 | 4,1 | 2,5 | 8,8 |
_______________________________________________________________________________________________________
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
