Малдын санынын ɵсʏʏсʏ мал чарба продукциясын ɵндʏрʏʏнʏн кɵбɵйʏшʏн шарттады
Publications: 22.01.2016
2015-жылы мал чарба продукциясынын негизги тʏрлɵрʏн ɵндʏрʏʏнʏн кɵлɵмʏнʏн мурунку жылга салыштырмалуу ɵсʏшʏ белгиленди.
Алсак, союулуучу мал жана канаттууларды (тирʏʏлɵй салмакта) ɵндʏрʏʏ 3 пайызга, чийки сʏтт - 2,4 пайызга жана жʏн (физикалык салмакта) – 2,3 пайызга кɵбɵйдʏ, бул малдын санынын ɵсʏшʏ менен шартталды. Союулуучу мал жана канаттууларды (тирʏʏлɵй салмакта), ошондой эле сʏт ɵндʏрʏʏнʏн ɵсʏшʏ бардык региондогу чарбаларда белгиленди.
Айыл чарба ɵндʏрʏшʏнʏн жалпы кɵлɵмʏндɵ мал чарба продукциясынын ʏлʏшʏ 47,6 пайызды тʏздʏ.
Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгы e-mail: b.raimzhanov@ stat.kg;
|тел. + 996 (312) 625735
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магнитик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).
