Улуттук статистика комитетинин жана БУУнун ФАО өкүлдөрү Чүй облусундагы айыл чарба каттоосунун жүрүшү менен таанышты
Publications: 01.04.2026
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов БУУнун ФАО уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен биргеликте Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Достук айыл аймагына барып, айыл чарба каттоосунун жүргүзүлүшү менен таанышты.
Константиновка айылында иш сапарынын катышуучулары каттоочулардын ишин текшерип, маалыматтарды чогултуу процессин жеринде байкашты. Сапардын жүрүшүндө үй чарбаларын санариптик шаймандар аркылуу сурамжылоо жүргүзүү, ошондой эле маалыматтарды системага киргизүү процесси көрсөтүлүп, бул жыйналган статистикалык маалыматтардын сапатын, толуктугун жана ишенимдүүлүгүн баалоого мүмкүнчүлүк берди.
Ошондой эле делегация эт-сүт багытындагы симментал породасындагы ири мүйүздүү малдарды өстүрүүгө адистешкен дыйкан (фермердик) чарбасына барды. Мал чарбачылыгынан тышкары, бул чарбада сүттү кайра иштетүү өнүктүрүлүп, өзүнүн сүт азыктарын өндүрүү жолго коюлган. Бул жергиликтүү агробизнестин өнүгүшүнө жана продукциянын кошумча наркын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Иш сапардын алкагында Улуттук статистика комитетинин жана ФАО өкүлдөрү өндүрүш процесстери, колдонулуп жаткан айыл чарба техникалары менен таанышып, ошондой эле айыл чарба каттоосунун маанисин талкуулашты. Алар бул каттоо агрардык сектордо натыйжалуу мамлекеттик саясатты түзүү үчүн негизги маалымат булагы болуп саналарын белгилешти. Бактыбек Кудайбергенов менен Олег Гучгельдыев жыйналган маалыматтар тармакты талдоого жана мамлекеттик колдоо чараларын иштеп чыгууга негиз болоорун белгилешти.





