Жылдын башынан тарта камсыздандыруу компаниялардын кирешелеринин олуттуу көбөйүүсү белгиленди

Publications: 22.08.2023


Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында республиканын экономикасынын финансы секторунда 15 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү, алардын кирешелери өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өсүп, 1,8 млрд. сомго жеткен. Мында, кирешелердин негизги көлөмү (алардын жалпы суммасынын 82%ы) келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен алынды.

Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 277,5 млн. сом сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 2,2 эсе көп.

2023-жылдын 1-июлуна карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 183 миңге жакын камсыздандыруу келишимдер түзүлгөн, алардын 79%га жакыны жеке жактарга туура келди. Ошол эл учурда түзүлгөн келишимдеринин жалпы санынын 55%ы ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө туура келген.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2023 жылдын 1-июлуна карата 690 млрд. сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу дээрлик 15%га  же 119 млрд. сомго кыскарган. Камсыздандыруу суммасынын бир кыйла төмөндөшү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу, жарандардын курулмаларынын жана жеке медициналык камсыздандыруу келишимдери боюнча байкалды.

Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында 1,5 млрд. сом камсыздандыруу салымдары келип түштү, бул 2022-жылдын I жарым жылдыгына караганда 1,5 эсеге көп.

Жылдын башынан тарта 4,7 миң камсыздандыруу учурлары белгиленди, алардын ичинен 49%ы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөп берүүлөрдүн негизги суммалары ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга (алардын жалпы көлөмүнүн 78%ы) жана жеке медициналык камсыздандырууга (9%ы) туура келди.

___________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү     |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 22.08.2023, 14:12