Жылдын башынан бери республиканын экономикасында негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү белгиленди

Publications: 11.03.2025


2025-жылдын январь-февралында ички дүң продукт алдын ала баалоолор боюнча 205,5 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 10,7 пайызга өстү.
2025-жылдын январь-февралында өнөр жай продукциясынын көлөмү 104,7 миллиард сомду түздү жана 2024-жылдын январь-февралына салыштырмалуу тазаланган мунай продуктуларын (2,3 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекини (1,6 эсеге), фармацевтикалык продукцияны (41,8 пайызга), резина, пластмасса буюмдардын жана курулуш материалдарын (24,6 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердүүлүктүн продукцияларын (21,4 пайызга), негизги металлдарды өндүрүүнүн (3,2 пайызга), ошондой эле текстиль өндүрүшүндө жана кийим өндүрүшүнүн (1,7 пайызга) көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 14,7 пайызга жогорулады.
Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 8,8 пайызды, дүң жана чекене соода – 17,0 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2.1 пайызды түздү.
 
Үстүбүздөгү жылдын январь-февралында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 1,6 пайызды түздү. Мында тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 3,2 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамекиге - 1,7 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтердин - 0,8 пайызга бааларынын жогорулашы белгиленди. Ошону менен бирге, азык-түлүк эмес товарларга баалар, тескерисинче 0,6 пайызга төмөндөдү.
 
Үстүбүздөгү жылдын январь-февралында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык региндорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (2,8 пайыз) Ош облусунда азык-түлүк эмес товарларга баалардын жогорулашынын (0,5 пайызга) эсебинен катталды. Тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга (4,9 пайызга), ошондой эле алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге (6,2 пайызга) баалардын максималдуу өсүшү Ош шаарында, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер (2,2 пайызга)-Ысык-Көл облусунда катталды.
 
Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январында 983,8 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январына салыштырмалуу 17,8 пайызга азайды. Мында экспорттук жеткирүүлөр 24,7 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр  16,5 пайызга төмөндөдү.
 
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2025-жылдын январында 306,1 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январына салыштырмалуу 0,8 пайызга азайды. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (65,0 пайыз) жана Казакстанга (33,1 пайыз) туура келди.
 
Взаимная торговля Кыргызской Республики с государствами-членами ЕАЭС
(в процентах к соответствующему периоду предыдущего года)
Импорт                                                                                                      Экспорт
 
Презентациялар:

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык  системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 
Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747
e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).

Last updating: 11.03.2025, 16:48