2025-жылдагы айыл-чарба каттоосуна даярдык көрүү боюнча семинарлар Чолпон-Ата шаарында жана Талас облусунда өтүүдө

Publications: 18.09.2025


2025-жылдын 16-сентябрынан 20-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери тарабынан "Мобилдик тиркеме аркылуу айыл чарба каттоосун өткөрүү" темасында үч күндүк окутуу семинары өткөрүүлүдө.
 
Семинардын негизги максаты - катышуучуларды маалыматтарды чогултуу үчүн мобилдик тиркемени колдонуу менен айыл чарба каттоосун өткөрүү үчүн зарыл болгон билим жана практикалык көндүмдөр менен камсыз кылуу.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар мобилдик маалыматтарды чогултуучу тиркемени кантип колдонууну үйрөнүшөт, маалыматтарды киргизүү жана берүү  боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушат, ошондой эле интерактивдүү окутууга мүмкүндүк берүүчү тиркеменин окуу версиясына кирүү үчүн жеке логиндерге жана паролдорго ээ болушат.

Эскерте кетсек, буга чейин мындай  окутуу семинары өлкөнүн түштүк аймактарында — Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөрүлүп, анда облустук башкармалыктардын, райондук жана шаардык статистика бөлүмдөрүнүн 245 адиси, анын ичинде облустардагы, райондордогу айыл чарба каттоосунун өкүлдөрдү жана координаторлор окууну аякташкан.

2025-жылдагы айыл чарба каттоосунун максаты - Кыргыз Республикасында натыйжалуу мамлекеттик айыл чарба саясаты жана айыл чарбасын колдоо программаларын иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон актуалдуу статистикалык базаны түзүү болуп саналат.

 
 
 
 
 

Last updating: 18.09.2025, 16:36