Республикадагы социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер: Сандар жана фактылар
Publications: 19.10.2023
Кыргызстанда 19-октябрь күнү Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнү салттуу түрдө белгиленип келет.
Акыркы беш жылдын ичинде социалдык коргоого кеткен чыгымдардын, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттардын үлүшүнө орточо эсеп менен алганда, анын бардык чыгымдарынын 15 пайыздан 20 пайызга чейинки үлүшү туура келди, ал эми бул беренеге багытталган каражаттардын көлөмү жыл сайын өсүүдө. 2022-жылы социалдык коргоого багытталган каражаттардын көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйдү жана 48 млрд. ашык сомду түздү.
Мамлекеттик бюджеттен социалдык коргоого кеткен чыгымдар
|
2018 |
2019 |
2020 |
2021 |
2022 |
Чыгымдар¹- жалпы |
|
|
|
|
|
млн. сом |
30 374,4 |
32 763,6 |
34 376,5 |
36 625,3 |
48 339,6 |
ИДПга карата пайыз менен |
5,3 |
5,0 |
5,4 |
4,7 |
5,0 |
жалпы чыгымдарга карата пайыз менен |
19,2 |
19,5 |
20,0 |
17,3 |
15,5 |
¹ ЭВФнын 2001-жылдагы мамлекеттик финансы статистикасы боюнча колдонмосуна ылайык, ошондой эле финансылык эмес активдерди сатып алууга кеткен чыгымдар кошулганда.
2022-жылы Социалдык фонддун чыгымдары (республикалык бюджеттен келип түшкөн төлөмдөрдү кошкондо) 2018-жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйдү. Алардын негизги көлөмү пенсияларды төлөөгө багытталды, бул Социалдык фонддун 2022-жылдагы чыгымдарынын жалпы көлөмүнүн 85 жакын пайызын түздү.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 444 миңден ашты. Мында балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү айлык жөлөкпулду алуучулар дээрлик 103 миң үй-бүлөнү же 339 миң адамды, ал эми социалдык жөлөкпул алуучулар 105 миңден ашык адамды түздү.
Беш жылдын ичинде (2018-жылдан 2022-жылга чейин) социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 2,1 эсеге көбөйүп, 2022-жылдын аягына карата бир алуучуга 6 328 сомду түздү.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун жана башка мамлекеттик органдардын пенсиялык органдарында каттоодо турган пенсия алуучулардын саны 790 миң адамды түздү. Беш жылдык мөөнөттүн ичинде дайындалган айлык пенсиянын орточо өлчөмү 2018-жылдагы 5 761 сомдон 2022-жылда 8 114 сомго чейин өстү.
Графикте көрсөтүлгөндөй, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп эмгек пенсиясы Россияда (243 доллар) жана Казакстанда (219 доллар), эң азы Тажикстанда (32 доллар) жана Кыргызстанда (77 доллар) белгиленген.
2021-жылдагы КМШ өлкөлөрүндөгү эмгек пенсиясынын жаш курак боюнча өлчөмү
(улуттук статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча, АКШ доллары менен)
Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин (СББМР) маалыматтары боюнча 2022-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 846 кесиптик бирликтер катталган, алардын саны 2018-жылга салыштырмалуу 11,3 пайызга өскөн.
2022-жылы 439 кесиптик бирликтер катталган же жалпы санынын 52 пайызы отчет беришкен. Аларда эмгектенген кызматкерлердин орточо жылдык саны 2,2 миң адамды, ал эми бирликтердин мүчөлөрүнүн саны 704 миң адамды түздү.
Кесиптик бирликтер 2022-жылы 857,1 млн. сом суммасындагы финансылык ресурстар менен камсыздалышкан, алардын негизги көлөмү (92 пайыз) мүчөлүк төгүм түрүндө келип түшкөн.
****
Республиканын маанилүү мамлекеттик маалыматтык тутуму болуп саналган Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму рынок экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндөгү керектүү маалыматтар менен камсыздайт. Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).
Интервью уюштуруу маселеси боюнча толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747, e-mail: smi_nsc@stat.kg. Дареги: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).
Биз жеткиликтүүбүз: |
тел.625747 |
|
|