Улутстаткомдун төрагасынын Россиянын соода өкүлү менен жолугушуусу болуп өттү
Publications: 08.08.2016
Өткөн жума күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы А. Ш. Султановдун Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлү В.С. Латыпов менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн Улутстаткомдун иш кеңешмесинде Соода статистикасы башкармалыгынын начальниги В. Т. Мамбеталиева кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн соода жана туризм чөйрөлөрүндөгү өз ара кызматташуулары, анын ичинде, расмий статистикалык маалымат алмашуу маселелери талкууланды.
Тараптар анык статистикалык маалыматтардын эки өлкөнүн, стратегиялык өнөктөштөрдүн, соода жана туризм чөйрөлөрүндө гана эмес, экономиканын реалдуу секторундагы өнүгүүгө анализ жана прогноз жүргүзүү үчүн да маниси чоң экендигин белгилешти.
Буга байланыштуу, бүгүнкү кеңешмеде А.Ш. Султанов Улутстаткомдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, анын ичинде, министрликтер жана ведомстволор менен иш алып барууда, статистикалык байкоолордун бекитилген методологиясы боюнча анык эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.
Соода статистикасы башкармалыгынын Статистика бөлүмү
e-mail: vmambetalieva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 324650
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (КР “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).
