Улутстаткомдун жетекчилиги менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү менен жолугушуусу болуп өттү

Publications: 18.07.2024


2024-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) кайрадан дайындалган өкүлү (башчысы) мырза Самман Джунг Тапа менен жолукту.

Улутстатком ЮНИСЕФ менен биргеликте Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча класстердик изилдөөнүн (КККИ) бир нече айлампаларын өткөрүү, көп өлчөмдүү кедейчиликтин улуттук индекстерин өлчөөнүн методологиясын иштеп чыгуу жана COVID-19 пандемиясынын балдарга жана аялдарга тийгизген таасири боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу көптөгөн маанилүү долбоорлорду ишке ашырды. 2023-жылдын аягындагы Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча класстердик изилдөөнүн аякташына өзгөчө көңүл бурулду, анын жыйынтыктары үстүбүздөгү айдын аягында кеңири коомчулукка сунушталат.

Учурда тараптар балдар жөнүндөгү интерактивдүү платформаны түзүүнүн үстүндө иш алып барышууда, ал региондор, жыныс жана узак мөөнөттүү динамика боюнча маалыматтарды камтыйт. Бул долбоорлор жана кызматташтык Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана Кыргыз Республикасындагы улуттук программаларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзө тургандыгы күтүлүүдө.

Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да кызматташууга жана жакынкы жылдарга белгиленген биргелешкен пландарды ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

БУУнун Балдар фондунун өкүлү Самман Джунг Тапа Улутстаткомго ырааттуу иштери үчүн ыраазычылык билдирип, балдардын укугун коргоого багытталган натыйжалуу программаларды иштеп чыгуу үчүн сапаттуу статистикалык маалыматтардын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Тараптар Кыргыз Республикасындагы балдардын жана аялдардын бакубат жашоосуна, ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана Кыргыз Республикасындагы улуттук программаларды өнүктүрүүгө багытталган активдүү кызматташтыкты улантууну макулдашышты.

 


Last updating: 26.07.2024, 11:16