Publications: 22.12.2025
2025-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Бишкек шаарында "StatBridge - статистика илимди, башкарууну жана коомду бириктирет" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрдү. Бул конференция заманбап мамлекеттик башкарууда маалыматтардын жана статистиканын ролу жөнүндө диалог үчүн негизги эксперттик аянтча болуп калмакчы.
StatBridge конференциясына кесиптик жана институционалдык коомчулуктун кеңири чөйрөсүнөн 80ден ашык кызыкдар катышуучулар катышты. Алардын арасында өлкөнүн алдыңкы 12 жогорку окуу жайынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий-изилдөө жана аналитикалык борборлордун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү бар. Катышуучулардын мындай көп деңгээлдүү жана дисциплиналар аралык курамы мазмундуу диалогду, практикалык тажрыйба алмашууну камсыз кылып, статистиканы өнүктүрүү жана маалыматтарды пайдалануу маданияты маселелерин илимдин, башкаруунун жана коомдук кызыкчылыктардын позициясынан кароого мүмкүндүк берди.
Конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Б.Кудайбергенов саламдашуу сөзү менен кайрылып, бул конференция Кыргызстандын статистика органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алдында өтүп жатканын белгиледи. Ал мындай деп баса белгиледи: "StatBridge конференциясы маалыматтарды өндүрүүчүлөр, колдонуучулар, илимий коомчулук, эл аралык өнөктөштөр жана бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, статистиканы формалдуу отчеттуулук эмес, салмактуу чечимдердин негизи кылууну талкуулоо үчүн аянтча түзөт. Улуттук статистика комитети үчүн колдонуучулар менен диалог өзгөчө маанилүү. Бизге бийлик органдарына, изилдөөчүлөргө, бизнеске, жарандык коомго кандай маалыматтар керектигин жакшыраак түшүнүү керек. Жана буга жооп катары биз жаңы өнүмдөрдү, визуалдаштырууну, окуу материалдарын өнүктүрүүгө, маалыматка ачык жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө даярбыз."
Конференцияда академиялык коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да сөз сүйлөштү. Спикерлердин арасында расмий статистика, экономика, санариптештирүү жана билим берүү тармагындагы алдыңкы улуттук жана эл аралык эксперттер, анын ичинде Испания, Черногория, Италиядан экономикалык жана статистикалык илимдердин докторлору жана ЭСКАТОнун эл аралык кеңешчилери жана консультанттары сүйлөштү.
Бүгүнкү күндө, санариптик трансформациянын жана маалыматтардын көлөмүнүн өсүшүнүн шартында, StatBridge статистикалык маалыматтарды өндүрүү менен аларды практикалык колдонуунун ортосундагы ажырымды кыскартууга багытталган. Конференциянын алкагында ачык маалыматтар, статистикага болгон ишеним, статистикалык процесстерди санариптештирүү, статистикалык сабаттуулукту өнүктүрүү жана аналитиканы мамлекеттик башкаруу системасына интеграциялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Конференциянын программасы үч тематикалык сессияны камтыды, алар төмөнкүлөргө арналды:
• коомго жана туруктуу өнүгүүгө кызмат кылган статистика;
• маалымат доорунда башкаруу жана чечим кабыл алуу;
• билим берүү жана изилдөө практикасы аркылуу маалымат маданиятын калыптандыруу.
Конференциянын жыйынтыгында маалымат маданиятын өнүктүрүү, секторлор аралык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле статистика жана аналитика тармагында жаңы демилгелерди жана билим берүү долбоорлорун ишке киргизүү боюнча практикалык сунуштар иштелип чыкты.



