Улутстатком Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын статистикасынын маселелери боюнча БУУ АТОЭСК конференциясынын ишинде катышууда
Publications: 24.08.2016
Бүгүн, 24-августта, Бангкок шаарында БУУнун конференц-борборунда Азиялык жана Тынчокеандык аймак өлкөлөрү үчүн: “Туруктуу өнүктүрүү боюнча 2030 Күн тартибин ишке ашыруу үчүн расмий статистиканы трансформациялоо” Аймактык конференциясы өз ишин баштады.
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы Акылбек Султанов конференциянын ишинде БУУ АТОЭСК статистикалык бөлүмүнүн директору Маргарита Гуерреронун чакыруусу боюнча БУУ АТОЭСК статистикалык Комитеттин мүчөсү катары катышууда.
Конференцияда ошондой эле, туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары үчүн статистиканы бекемдөө боюнча биргеликтеги иш-аракеттер үчүн, негинен, аймактагы статистикалык потенциалды бекемдөөгө алып келүүчү, такталган багыттарды алуу үчүн, Азиялык жана Тынчокеандык аймактын жана анын чегинен сырткары өлкөлөрдүн өнүктүрүү боюнча адистери жана статистикалык мекемелеринин жетекчилери катышууда.
Бүгүн Бангкокто конференциянын 1-сессиясында “Трансформацияга муктаждык”, “Приоритеттер жана максаттар боюнча улуттук жана аймактык келечектүү иш-чаралар” маселелери талкууланат.
