Көмүр рыногунда баалардын учурдагы абалы
Publications: 24.12.2020
Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде берилди.
Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.
2020-жылдын 24-декабрына карата көмүрдүн орточо чекене баалары үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына салыштырмалуу республика боюнча орточо алганда бир тонна үчүн 190,15 сомго же 4,3 пайызга жогорулады.
Ошентип, 2020-жылдын 24-декабрына карата көмүрдүн максималдуу керектөөчү баалары Ноокат (бир тонна үчүн - 8 406,12 сом), Баткен (бир тонна үчүн - 8 068,94 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн - 7 797,44 сом) шаарларында катталды. Ушул эле учурда минималдуу чекене баалар Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 3 700,00 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн - 3 500,00 сом) жана Чаек айылында (бир тонна үчүн - 2 500 сом) болгону байкалды.
Муну менен бирге, көмүрдүн чекене баасы эң көп даражада Кербенде - тоннасы 1 917,00 сомго же 51,1 пайызга, Өзгөндө - тоннасы 1 371,27 сомго же 30,8 пайызга, Кара-Сууда - тоннасы 500 сомго же 9,1 сомго жогорулады .
Муну менен бирге айрым калктуу конуштарда анын баасы мурунку айга салыштырмалуу өзгөргөн жок жана мурдагы денгээлде калды.
Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн орточо керектөөчү баалары
(бир тонна, сом)
|
2020-ж. ноябры |
2020-ж. 24 - декабрына |
Четтөө: өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)
|
Кыргыз Республикасы |
4 465,74 |
4 655,89 |
190,15 |
Каракол ш. |
5 507,32 |
5 507,32 |
0,00 |
Балыкчы ш. |
3 694,59 |
3 700,00 |
5,41 |
Кербен ш. |
3 749,67 |
5 666,67 |
1 917,00 |
Токтогул ш. |
5 421,05 |
5 421,05 |
0,00 |
Жалал- Абад ш. |
5 268,64 |
5 268,64 |
0,00 |
Чаек а., Жумгал району |
2 500,00 |
2 500,00 |
0,00 |
Нарын ш. |
3 500,00 |
3 500,00 |
0,00 |
Исфана ш. |
7 389,18 |
7 797,44 |
408,25 |
Баткен ш. |
7 969,94 |
8 068,94 |
99,00 |
Кара-Суу ш. |
5 500,00 |
6 000,00 |
500,00 |
Ноокат ш. |
7 736,47 |
8 406,12 |
669,65 |
Өзген ш. |
4 457,21 |
5 828,48 |
1 371,27 |
Покровка а., Манас району |
4 700,00 |
4 700,00 |
0,00 |
Талас ш. |
5 099,02 |
4 890,81 |
-208,21 |
Кара-Балта ш. |
4 000,00 |
4 200,00 |
200,00 |
Токмок ш. |
3 949,68 |
4 097,52 |
147,84 |
Бишкек ш. |
4 072,62 |
4 093,83 |
21,21 |
Ош ш. |
5 664,14 |
5 932,58 |
268,44 |
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).