Көмүр рыногунда учурдагы баалардын абалы. 2020-жылдын 13-февралына карата абалы боюнча кыскача обзор
Publications: 14.02.2020
Чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде республиканын 18 калк жашоочу пункттарында көмүрдүн (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштүн) орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.
Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.
Үстүбүздөгү жылдын 6-февралдан 13-февралга чейинки мезгил ичинде көмүрдүн чекене баалары республика боюнча орточо алганда дээрлик өзгөрүүсүз калды, ал эми январь айындагы баалар менен салыштырмалуу 114,53 сомго же 2,5 пайызга төмөндөдү.
2020-жылдын 13-февралына карата көмүрдун максималдуу орточо баалары Ноокатта (бир тонна – 7 436,59 сом), Баткенде (бир тонна үчүн – 7 140,04 сом), Исфанада (бир тонна үчүн – 6 445,15 сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн – 6 245,00 сом) шаарларында белгиленди. Муну менен бирге минималдуу чекене баалар, өткөн мезгилдегидей эле, Балыкчы шаарында (бир үчүн тонна – 3 694,59 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн – 3 500,00 сом) жана Чаек айылында (бир тонна үчүн – 2500 сом) байкалды.
£ткөн жумада көмүрдүн бааларынын төмөндөгөнү Кербенде – 300,17 сомго же 6,5 пайызга, Караколдо – 211,70 сомго же 3,9 пайызга, Ноокатта – 63,49 сомго же 0,8 пайызга, Исфанада – 47,92 сомго же 0,7 пайызга белгиленди. Ушул эле учурда калган калктуу конуштарда анын баасы өзгөрүүсүз сакталган.
Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында
көмүрдүн орточо керектөөчү баалары
(бир тонна, сом)
|
2020-ж. 6 - февралына |
2020-ж. 13 - февралына |
Четтөө: өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)
|
Кыргыз Республикасы |
4396,39 |
4 384,16 |
-12,22 |
Каракол ш. |
5431,89 |
5 220,19 |
-211,70 |
Балыкчы ш. |
3694,59 |
3 694,59 |
0,00 |
Кербен ш. |
4647,58 |
4 347,41 |
-300,17 |
Токтогул ш. |
4562,49 |
4 562,49 |
0,00 |
Жалал- Абад ш. |
4640,04 |
4 640,04 |
0,00 |
Чаек а., Жумгал району |
2500,00 |
2 500,00 |
0,00 |
Нарын ш. |
3500,00 |
3 500,00 |
0,00 |
Исфана ш. |
6493,07 |
6 445,15 |
-47,92 |
Баткен ш. |
7140,04 |
7 140,04 |
0,00 |
Кара-Суу ш. |
6245,00 |
6 245,00 |
0,00 |
Ноокат ш. |
7500,08 |
7 436,59 |
-63,49 |
Өзгөн ш. |
5190,14 |
5 190,14 |
0,00 |
Покровка а., Манас району |
4200,00 |
4 200,00 |
0,00 |
Талас ш. |
5000,00 |
5 000,00 |
0,00 |
Кара-Балта ш. |
3900,00 |
3 900,00 |
0,00 |
Токмок ш. |
3984,73 |
3 984,73 |
0,00 |
Бишкек ш. |
3860,74 |
3 860,74 |
0,00 |
Ош ш. |
6000,00 |
6 000,00 |
0,00 |
Баадагы факторлордон тышкары, товар-өкүлдөрдүн ассортиментинин өзгөрүүсү, ошондой эле соода точкаларынын алмашуусу орточо баанын деңгээлине таасирин тийгизет.
Кыска маалымат: Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири-баалардын үзгүлтүксүз жана таза өзгөрүүлөрүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо, чекене бааларды, товарды же кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей мезгилде бирдей сапатта каттоону, сатууну жана акы төлөөнү бирдей шарттарда ишке ашырууну, сандын бирдей бирдиктерин карайт. Байкоого мекенде өндүрүлгөн жана импорттук көмүр, басымдуу түрдө Казакстандан алынып келген көмүр алынат.Бааларды каттоо, соода ишканаларына жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө каттоочулар жеке өздөрү ошол жерлерге барып, бааларды каттоону смартфонду колдонуу менен жүргүзүшөт. Ошол эле учурда сатуу точкаларында товарлардын сунушталган баалары эмес, алардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат. Ошондой эле рыноктор үчүн соода абдан кызуу жүрүп жаткан убакыттын ичинде бааларды каттоо маанилүү болуп саналат.
_____________________________________________________________________________________
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика ж¼н³нд¼” Мыйзамдын 17-беренеси).