Республикада жазгы талаа жумуштарынын темпи өткөн жылдагыдан жогорулады
Publications: 11.04.2023
Март айында белгиленген эрте жаздын келиши жана аба ырайынын ыңгайлуу шарттары жазгы талаа иштеринин темпинин жогорулашын шарттады.
Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата республика боюнча жалпысынан 124 миң гектар жогору эгин айдалды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 1,6 эсеге көп.
Үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата жаздык буудай эгилген аянт өткөн жылдын ушул эле датасына жаздык эгин себилген аянтка карата 1,7 эсеге, арпа 1,5 эсеге, май өсүмдүктөрү 3 эсеге, жашылчалар 2 эсеге жана картошка 1,4 эсеге өстү.
23-мартка карата жаздык эгиндерди түрлөрү боюнча себүү
|
Себилди -бардыгы, миң гектар |
2023ж. 2023ж. карата. |
||
2022 |
2023 |
% |
+, - |
|
Себилди-бардыгы алардан: |
78,2
|
124,3
|
158,8
|
46,0 |
арпа |
50,2 |
76,3 |
152,1 |
26,1 |
буудай |
22,3 |
36,9 |
165,2 |
14,6 |
картошка |
2,3 |
3,2 |
139,3 |
0,9 |
көп жылдык чөптөр |
2,0 |
1,9 |
96,2 |
- 0,1 |
жашылчалар |
0,9 |
1,7 |
189,3 |
0,8 |
май өсүмдүктөрү |
0,3 |
0,9 |
311,9 |
0,6 |
2023-жылдын 23-мартына карата жаздык эгиндердин жалпы аянтында эң чоң салыштырма салмакты Чүй облусу - 52%, Ош - 21%, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын - 13% чарбалары ээледи.
23-мартка карата аймактар боюнча жаздык эгиндерди себүү
|
Себилди - бардыгы, миң гектар |
Пайыз менен |
||
2022 |
2023 |
өткөн жылдын ушул эле күнүнө |
жыйынтыкка |
|
Кыргыз Республика |
78,2 |
124,3 |
157,1 |
100,0 |
Баткен облусу |
9,6 |
16,4 |
171,9 |
13,2 |
Жалал-Абад облусу |
6,4 |
16,2 |
253,0 |
13,0 |
Ысык-Көл облусу |
0,4 |
- |
- |
- |
Ош облусу |
22,0 |
25,5 |
115,9 |
20,5 |
Талас облусу |
0,1 |
0,8 |
588,1 |
0,7 |
Чүй облусу |
39,5 |
64,5 |
159,9 |
51,9 |
Ош ш. |
0,2 |
0,8 |
319,7 |
0,7 |
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын март айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан 37,4 миң гектар аянтта күздүк эгиндерди азыктандыруу жана 154,4 миң гектар аянтта жазгы айдоо иштери жүргүзүлдү.
Айыл чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел.: + 996 (312) 66 40 43, 32 46 21
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).