Төрага Бактыбек Кудайбергеновдун Кыргыз Республикасынын Ак калпак күнү менен куттуктоосу

Publications: 05.03.2025


Урматтуу мекендештер!
 
Сиздерди, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан бүгүнкү 5-март - Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
 
Бул күн – биз үчүн улуттук салттарыбызды, эзелки баалуулуктарыбызды жана бай тарыхыбызды сыймыктануу менен даңазалоочу күндөрдүн бири болуп саналат.
 
Ак калпак – бул кыргыз элинин эркиндигинин, каармандыгынын жана келечекке болгон ишениминин белгиси. Кыргыз жаранынын намысы, жүрөгү жана акылынын символу, улуттун биримдиги, ынтымагы жана салт-санаага болгон сыймыгы.
 
Сиздердин калпак кийүү менен белгилеп жаткан бул күнүңүздөр, биздин улуттук рухту, тарыхты жана бүгүнкү күндөгү кыргыз элинин дараметин дагы бир жолу айгинелейт.
 
Өлкө үчүн чоң мааниге ээ болгон күндө, сиздерге чың ден соолук, бакыт, бейпилдик жана тынчтыкты каалаймын!
 
Урматтоо менен,
Төрага
Бактыбек Кудайбергенов

Last updating: 05.03.2025, 11:01