Улутстатком "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн улут аталарына арналган эскерүү иш-чарасын өткөрдү

Publications: 25.02.2025


Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн улут аталарын эскеришти.
 
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 24-июлундагы № 205 “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду. Аталган Жарлыкка ылайык, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевге “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” деген наам ыйгарылган.
 
"Эгемен өлкө курууда жана туруктуулугун камсыз кылууда эмгек кылган бул инсандардын улуттук мамлекеттүүлүк үчүн аткарган ролу биз үчүн өтө маанилүү. Алардын өмүрү менен бааланган эркиндигибизди жана мекенибизди сактап, келечек муундарга татыктуу мурас калтыруу – бул биздин негизги жоопкерчилигибиз", - деп баса белгиледи Төраганын орун басары Зайнидин Жумалиев, эскерүү учурунда кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын тарыхтагы орду жана алардын жасаган зор эмгеги тууралуу сөз сүйлөп.
 
Иш-чарага катышуучулар “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси боюнча экскурсия жүргүзүп, эгемендигибиздин негизин түзгөн инсандардын элеси алдында таазим кылышты.
 
Эскерүү аземи Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн инсандардын мурасын жайылтуу жана алардын эл үчүн кылган иштерин ар тараптан баалоо максатында уюштурулду.

Last updating: 25.02.2025, 16:45